Бишкек, 24.07.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы "Кристалл" заводунун аймагында сакталган 80 тоннага жакын уулуу химиялык калдыктарды экологиялык жактан коопсуз зыянсыздандыруу долбоору ишке ашырыла баштады.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана "Росатом" мамлекеттик корпорациясына караштуу "Федералдык экологиялык оператор" ишканасы менен биргеликте жүзөгө ашырылат.
"Практикалык иштерди 2026-жылдын ноябрь айында баштоо, ал эми долбоорду 2027-жылы аяктоо пландалууда. Долбоордун негизги максаты - 15 жылдан бери чечилбей келген экологиялык көйгөйдү жоюп, аймактагы экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу", - деп айтылат маалыматта.