Эмомали Рахмонду Кыргызстан мындай салтанаттуу, сыйлуу конок, жакынкы коңшу, дос катары тосуп алганы акыркы беш жыл ичинде болгон эмес. Садыр Жапаров кесиптешин учактын жанында манасчынын коштоосунда күтүп алды. Манас эпосундагы үзүндүлөр айтылганы – символикалык көрүнүш, байыркы заманда тажик кызы кыргыз элине келин болуп келгенин эске салып турганы. Илгерки заманда элдердин ортосундагы чыр-чатак, согуштарды токтотуу үчүн кудалашып, кыз алышып-беришип турган. Бул дагы тынчтыкты орнотуунун бир ыкмасы болуп келген.

Советтер Союзу учурунда республикалардын ортосунда так сызылып-чийилген чек аралар жок эле. Борбор Азия республикалары эгемендүү болгондон баштап чек ара көйгөйлөрүнө кабылышкан. Кээ бир тышкы оюнчулар ушул факторлорго таянып, өздөрүнүн арам ойлорун ишке ашыруу үчүн ар кандай чагымчыл иштерди жасоого аракет кылып көрүшкөн.
Дүйнөдөгү кырдаал өзгөрүп, тиги же бул жерлерде кагылышуу, согуштар чыгып жатканына байланыштуу бул региондун өлкөлөрү биригүүгө активдүү кызыкдарлыгын көрсөтө баштаган.
Садыр Жапаров Борбордук Азиянын лидерлеринин ичинен биринчилерден болуп тышкы оюнчулардан бөлүнүп, аймактын ичинде интеграциялануу зарылдыгын түшүнгөн. Бул экономикалык көз караштан да, аймактык коопсуздук жагынан да зарыл эле. Ал президенттик кызматка киришээри менен аймактагы коңшулары менен түрдүү алака түзө баштап, биринчи кезекте чек ара маселелерин чечүүгө чоң аракет жасады.

Өзбекстандан кийин мына бүгүн болсо Кыргыз-Тажик ортосундагы эзели бүтпөй, чечилбей турган чек ара талаш тартыштык токтоп, эки өлкөнүн жетекчилеринин саясий эркинин күчү менен, эки коңшу мамлекеттин ортосунда тынчтык орноду. Учурдагы дүйнөдөгү кырдаалга байланыштырсак, тынчтык эки өлкөнүн ортосунда гана эмес, Борбор Азияда орноду десек болот.
“Шанхай Кызматташтык Уюму 2025-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү, ак ниетин жана урматтоо духунда тынчтык жолу менен чечилген мамлекеттик чек ара жөнүндө макулдашууга кол коюуну кубаттайт.

ШКУга мүчө мамлекеттер кол коюлган Келишимдин өзгөчө маанисин белгилешет жана аны Шанхай Кызматташтык Уюмунун мейкиндигинде тынчтыкты, коопсуздукту жана стабилдүүлүктү орнотууга кошкон баалуу салымы катары карашат”,- деп билдирди Шанхай кызматташтык уюму.
Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун катчылыгы дагы Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюуну кубаттап, билдирүү жасады.
“Эки өлкөнүн лидерлеринин ырааттуу аракетинин жана саясий эркинин аркасында мамлекеттик чек аранын дээрлик миң километрге созулган сызыгы макулдашылды.
Чек ара маселелерин чечүү ар кандай чөйрөлөрдө аймактык кызматташтыкты прогрессивдүү өнүктүрүүгө, ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндө коопсуздукту жакшыртууга жана Уюмдун алдында турган милдеттерди аткарууга өбөлгө түзөрү шексиз.

Бир тууган эки элге Кыргызстан менен Тажикстанда экономикалык жактан өнүккөн жана ынтымактуу коомду курууда мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз”,- деп айтылат билдирүүдө.
Эксперт, саясат талдоочу Токтогул Какчакеев өзүнүн фейсбук баракчасында тажик президенти Эмомали Рахмондун келишине байланыштуу Тажикстандагы граждандык согуш күндөрү эсине түшүп, Кыргыстан ошол күндөрдөгү коңшү өлкөгө жардамын бергендеги окуялар менен бөлүштү.

“Тажик элинин лидеринин биздин тынчтыкты сүйгөн өлкөбүзгө келишинин урматына, мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери аяктаганда, мен Тажикстандагы оор жылдарда биз ошол жерде болуп, колубузда болгондун бардыгы менен жардам бергенибизди эске салдым. Өлкөлөрүбүздүн ортосунда түбөлүк тынчтыкты орнотуу президент Жапаров Садыр Нургожоевичтин милдети болгон жана бул милдет акыры эки мамлекеттик ишмердин ортосунда чечилип жатат деп ойлойм”,- дейт Токтогул Какчакеев.
Чек ара маселесин чечүү оңойго турган жок. Эки жактан дагы сындагандар болду. Кыргыз-тажик чек ара маселеси эки элдин кызыкчылыгы үчүн гана чечилди, деп билдирди Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимов.

«Тажикстанда да бул жагынан бизди сындашат. Бирок бул негизги нерсе эмес. Эң негизгиси эки мамлекеттин кызыкчылыгы чечилди. Эми мамилелер бир туугандык жана тарыхый болот. Мамиле чыныгы бир туугандыкындай болушу керек. Бардык өткөрүү пункттарын ачуу маселеси түп-тамырынан бери чечилди. Бүгүн экөө расмий ачылат, андан кийин калгандарынын ачабыз», - деди Саймумин Ятимов.
Ошентип, бүгүн “Ынтымак Ордодо” Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол коюшту.
Буга чейин кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов комиссиялары канча деген иш жасап, толук макулдашууга келгенин жарыялашкан.
Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге кол коюлгандан соң, Лейлек районундагы "Кайрагач" жана Баткен районундагы "Кызыл-Бел" чек ара көзөмөл өткөрүү бекеттери ачылды.
Эске салсак, эки мамлекеттин чек арасы 2021-жылы май айында болгон кагылыштан кийин жабылган.
Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкекте Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.
Садыр Жапаров билдирүүдө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы мындан ары да боордош эки өлкө менен элдин түбөлүк достугунун чек арасы болуп кала берерин баса белгиледи. Эки өлкөнүн ортосунда саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү ырааттуу өнүктүрүү үчүн комплекстүү чаралар көрүлөрүн ырастады Садыр Жапаров.
“Алдыда боло турган мезгилде бул багытта алга жылууну камсыз кылуу максатында эки өлкөнүн экономикалык потенциалын натыйжалуу пайдалануу жолу менен соода-экономикалык кызматташтыкты сапаттуу өнүктүрүү үчүн зарыл чаралар көрүлөрүн белгиледик.

Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жайгаштыруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууга жана Кыргызстандын министрлер кабинети менен Тажикстандын өкмөтүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетикалык объекттерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашууга кол коюуну кубаттайбыз”,- деди Садыр Жапаров.
Ошентип, бүгүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасындагы акыркы көйгөйгө чекит колду. Бул окуя эки элдин ортосундагы кызматташтыктын жана өз ара түшүнүшүүнүн жаңы доорун ачат. Чек арада туруктуулук жана коопсуздук өкүм сүрүп, коңшу элдердин бакубат жашоосуна өбөлгө түзөт.