9-майда Москвадагы Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанатта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровтун ордунан тура калып, параддан өтүп жаткан кыргыз жоокерлерин сыймыктануу менен карап турганын көрдүк. Ооба! Улуу Ата Мекендик согуштун фронтторунда баатырларча курман болгон жоокерлердин урпагы катары сыймыктанууга толук укугу бар.
Себеби, ушул кандуу согушта Советтер Союзунун 15 республикасынын жарандары бир муштумдай болуп, душманга сокку уруп жеңишке жетишкен.
70 жыл бир өлкөдө, бир системада жашап келгенине карабай Союз тарагандан кийин 15 республиканын жалпы тарыхы унутулуп, ар бир жаңы жаралган мамлекет өз тарыхтарын жазып, өткөн окуялар бурмаланып жатканына күбөбүз. Бүгүн ушул Улуу Жеңиш күнү гана Союз тарагандан бери 15 республиканын жарандарын бириктирген жалгыз тарыхый окуя болуп калды.
Мына ушундай теманы, тагыраак айтканда, тарыхый чындыкты, эстутумду, мурасты сактоо боюнча Бишкекте коомдук ишмерлер, илим өкүлдөрү жана саясат таануучулар чогуу талкуулашты. «Евразия» автономиялык коммерциялык эмес уюму уюштурган талкуу аянтчасында Кыргызстан менен Россиядан келген тарыхчылар, университеттердин окутуучулары, коомдук жана саясий ишмерлер, журналисттер сөз сүйлөп, өткөн тарыхыбызды бурмалоо аракеттерине биргелешип каршы туруу керектигин баса белгилешти.
Тарых, бүгүн биз көрүп тургандай блогерлер эмес, архивде сакталып турган документ, экспонат, кино жана фотохроника, тарыхый далилдер, артефакт,негизделген фактыларга таянып, кесипкөй тарыхчылар тарабынан жазылышы керек дейт эксперттер.
“Тарыхты бурмалоого каршы туруу зарылчылыгы – бул биздин коом бузулбай дени сак болуу маселеси. Биз өз өлкөсүн калыптанып жана өнүккөн тарыхын эстей турган муунду тарбиялашыбыз керек. Айрым окуялардын маанисин чечмелеп берүү мамлекеттин эгемендүүлүгүнө да тиешелүү. Ал эми биздин УИАнын окумуштуулары гана архив, документтерди эң терең изилдеп, окуу китептерин жазышы керек», - дейт конференциянын модератору, саясий изилдөө институтунун директору, тарых илимдеринин кандидаты Эсен Усубалиев.
Өткөндү бурмалаганга жол бербей, биздин тарыхый эс тутумубузду өчүрбөш үчүн, өзгөчө өсүп келе жаткан муундарды тарых сабактары менен тарбиялашыбыз зарыл. Конференцияда сөз сүйлөгөн Шопоков шаардык кеңешинин депутаты Амантур Манапбаев жаштар арасында өткөрүлгөн абдан маанилүү долбоор жөнүндө айтып берди. Кыргызстандагы ар бир үй-бүлөдө Улуу Ата Мекендик согуштун фронтторунда курман болгондор бар, ар бир айылда курман болгон жоокерлерге арналып эстеликтер орнотулган. 1941-1945-жылдары республикабыздын калкынын төрттөн бири фронтко аттанган, башкача айтканда 360 миңден ашуун кыргызстандыктардан жарымы согуштан кайтпай, ар бир үйгө жамандык келген.
Депутат Амантур Манапбаев Кыргызстанда жыл сайын өтүүчү “Жеңиш каттары ” сынагынын уюштуруучуларынын бири. Шарттары жөнөкөй: жеңүүчүлөрдүн урпактары үй-бүлөлүк архивде сакталып турган фронттон келген каттарды камера алдында окушат.
"Жоокердин калтыраган колу менен, салгылашуулардын арасында, замбиректин күркүрөгөн үндөрүнүн коштоосунда, алакандай кагаздын бетине жазылып, жакындарына жетүү үчүн акыркы үмүт катары тылга жөнөтүлгөн кат. Ал эми ар бир мындай кат - ок астынан чыккан үн. Бул кургак хроника эмес, окуу китебинен алынган абзац эмес. Булар эртеңки күнгө жетпей кала турганын билген адамдын тирүү сөздөрү. Жаштар ата-бабаларынын фронттон жазган каттарын окуп, көздөрүнө жаш алып,өздөрү ошол кырдаалды, ошол мезгилди жашап өткөндөй болушат. Биз бул долбоорго жаштарды катышышсын деп даярдаган бир топ кызыктыруучу белектерибиз дагы аларды кызыктырбай калды.
Дүйнөдө Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыктарын кайра карап чыгуу, мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн ролун төмөндөтүү, тарыхый фактыларды бурмалоо аракеттери жүрүп жаткан шартта биздин милдетибиз чындыкты айтуу, тарыхый адилеттүүлүктү коргоо жана жаштарды ата-бабалардын эрдигин урматтоо духунда тарбиялоомаанилүү», - деп баса белгиледи Амантур Манапбаев.
Тегерек столго онлайн катышкан Ыраакы Чыгыш федералдык университетинин эл аралык байланыштар кафедрасынын профессору Алексей Михалев конференцияда мемориалдык консенсуска жетишүүнүн мүмкүн болгон вариантын, башкача айтканда, жалпы тарыхый окуяларга баа берүү, аларды сүрөттөп жана сактоо боюнча биргелешкен ыкмаларды иштеп чыгууну сунуштады.
"2025-жыл Улуу Ата Мекендик согуштагы совет элинин Жеңишинин 80 жылдыгынын жылы. Бул дата Евразиянын биримдигинин маанилүү символу. Анын айланасында аймактын жалпы өткөн тарыхы тууралуу диалог куруу керек. Бирок ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда мемориалдык консенсуска жетишүү үчүн көп иштер жасалышы зарыл. Мемориалдык консенсус жалпы өткөндү, баатырдык жана трагедиялуу эпизоддорду түшүнүү үчүн бирдиктүү негиз болуп саналат. Евразиянын бардык тарыхчыларынын бирдиктүү аракетисиз бул консенсуска жетишүү мүмкүн эмес. Буга жетүү үчүн бардык аймактагы кесипкөйлөрдү бириктире турган Евразиялык тарых илимдеринин ассоциациясын түзүү керек. Мындай бирикме саясий мааниге ээ өткөн тарыхты айтууга укугу бар кесипкөй тарыхчылардын иерархиясы болуп, тарыхты бурмалоо чакырыктарына жамааттык жооп берүү мүмкүндүк берет.
Евразиянын тарыхы көчмөндөр цивилизацияларсыз, империялык тажрыйбасыз жана совет доорусуз мүмкүн эмес. Бул өткөн жөнүндө айтууну үйрөнүү үчүн гана эмес, тарых жасалма эмес, ата-бабаларыбыздын баштарынан өткөн окуя деп айтыш үчүн шарттарды түзүү керек. Улуу Жеңиштин 85 жылдыгына карата биз мемориалдык консенсуска гана ээ болбостон, өткөндү бурмалоо, биздин жеңиштерибизди жана жетишкендиктерибизди уурдоо аракеттерине каршы турууга жөндөмдүү болоорубузга, өзүбүздүн дүйнө таанымыбызга жана баалуулуктар системасына ээ болобуз деп ишенгим келет», - деп баса белгиледи Алексей Михалев.
Эксперттер белгилегендей, тарыхый эстутумду сактоо маселеси учурда көптөгөн евразиялык мамлекеттер үчүн актуалдуу тема. Бурмаланган тарых бизди бөлүп-жарып, жада калса бири-бирибизге каршы тукуруп коюшу мүмкүн. Ошондуктан азыр биз башка нерселер менен катар биздин жалпы өткөнүбүздү сактап, аны сырттан кийлигишүүдөн коргой ала турган, кандайдыр бир нерсени кайра жазуу же өзгөртүү аракеттерин токтото ала турган евразиялык илимий-тарыхый коомчулукту түзүү зарылдыгы жөнүндө сөз болуп жатат. Тарых - бул өткөн жөнүндө гана илим эмес, балким көбүрөөк келечек жөнүндөдүр. Кыргыздын улуу жазуучусу Чынгыз Айтматов тарыхый эс тутум жөнүндө “Кылым карытар бир күн” романында мындай деп жазган: «Өткөндү эстебеген, дүйнөдөгү ордун кайра аныктоо зарылдыгына туш болгон адам, өз элинин жана башка элдердин тарыхый тажрыйбасынан ажырап, тарыхый келечегинин сыртында калып, бүгүнкү күн менен гана жашап калат».