Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. Ямайкадагы "Мелисса" бороону төртүнчү категорияга жетип, шамалдын ылдамдыгы саатына 140 мильге (225 км) жетти. NBC News маалыматына ылайык, ал Ямайкада катталган тарыхтагы эң күчтүү бороон болушу мүмкүн.
Азырынча 4 курмандык катталган. Метеорологдор Ямайка, Гаити жана Доминикан Республикасында катастрофалык суу ташкындары жана жер көчкү коркунучу бар экенин эскертишүүдө.
Синоптиктердин маалыматына караганда, ураган дүйшөмбү же шейшемби күнү Ямайкага, андан соң Кубага сокку урмакчы. Кийинки 48 сааттын ичинде "Мелисса" бешинчи категорияга, шамалы саатына 157 мильге чейин жетиши мүмкүн.
Ямайкада Өзгөчө кырдаал кызматтары активдештирилди, аралдагы бардык аэропорттордун иши убактылуу токтотулду. Өкмөт жашоочулардан этият болууну жана бороон учурунда көчөгө чыкпоону суранып жатат.
Доминикан Республикасында 500 миңден ашык адам суу түтүксүз калган — ага дарактардын кулашы жана инфраструктуралык зыян себеп болгон.
Гаити менен Доминикан Республикасында жабыркагандар жана эвакуацияланган адамдар бар. Кубада 145 миң адам чыгыш жээгинен эвакуацияланып, Гуантанамо-Бэйдеги аскер базасындагы персонал үчүн да чаралар көрүлүүдө.