Тарыхта алгач ирет: 2030-жылкы Кышкы олимпиада оюндары эки өлкөдө өтөт

Дүйнө Загрузка... 25 Июнь 2026 09:15
49fda09e-17c1-45c1-82ab-6703547a949f.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.06.26 /Кабар/. Тарыхта алгач ирет 2030-жылкы Кышкы олимпиада оюндары эки өлкөдө өтөт. Мындай күтүүсүз чечимди Эл аралык олимпиада комитетинин Аткаруу кеңеши кабыл алганын Казинформ кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, аталган кышкы олимпиаданын негизги мелдештери Францияда өтөт. Бирок, коньки менен узак аралыкка жарышуу боюнча мелдештер Нидерланддын Херенвен шаарындагы “Тиальф” аренасында өтөт. Буга Францияда талапка жооп берген муз аренасынын жоктугу себеп болууда.

Нидерланд акыркы жолу олимпиада оюндарын 1928-жылы Амстердам шаарында өткөн Жайкы олимпиада учурунда кабыл алган. Ошентип, өлкө жүз жылдан ашуун убакыттан кийин кайрадан олимпиадалык мелдештерди өткөрөт.

Бул Кышкы олимпиада тарыхындагы өзгөчө учур болуп саналат. Анткени биринчи жолу бүтүндөй бир дисциплина башка көз карандысыз мамлекетке өткөрүлгөнү жатат.

Ошондой эле комитет 2030-жылкы Олимпиаданын программасына ски-альпинизм спортун кайра киргизүүнү сунуштады. Бул спорт түрү олимпиада программасына алгач ирет 2026-жылы Милан–Кортина оюндарында киргизилген.

Мындан тышкары, кёрлинг, көркөм муз тебүү, хоккей жана шорт-трек боюнча мелдештерди Ницца шаарынан Франциянын башка шаарына көчүрүү маселеси каралууда. Талапкер шаарлардын бири катары Лион аталууда.