Тармактык комитет катализаторлор боюнча мыйзам долбоорун I окууда жактырды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 03 Март 2026 17:20
2.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети бүгүн, 3-марттагы жыйынында "Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин биринчи окууда колдоду.

Демилгечилер: депутаттар Марлен Маматалиев, Медина Кайрылбекова, Адилет Белеков.

Адилет Белековдун айтымында, аталган мыйзам долбоору транспорт каражаттарынын ээлерин экологиялык талаптарды сактоого, тактап айтканда, иштөөгө жарамдуу каталитикалык нейтрализаторлорду колдонууга кызыктыруучу (түрткү берүүчү) укуктук механизмдерди түзүү аркылуу транспорт каражаттарынан чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн азайтуу максатында иштелип чыккан.

Талкуу учурунда эл өкүлдөрү мыйзам долбоорун концептуалдык жактан колдоого алышып, аны ишке ашыруу механизмдерин жакшыртуу боюнча бир катар сунуштарды беришти. Атап айтканда, депутаттар терминдерди тактоо, катализатору жок унааларды аныктоо тартибин иштеп чыгуу жана экологиялык талаптарды коюуда унаанын чыгарылган жылын эске алуу зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле техникалык лабораторияларды көбөйтүү, бирдиктүү тарифти киргизүү жана бул демилгени жалаң эле айып пулдар менен эмес, шыктандыруучу механизмдер аркылуу ишке ашыруу сунушталды.