Парламенттин тармактык комитети бир катар мыйзам долбоорлорун жактырды

Жогорку Кеңеш 949 10 Февраль 2026 13:06
632693405_1218292213817332_4381460308561022697_n.jpg
627786835_1218292337150653_5181244276530564868_n.jpg
629348759_1218292210483999_4174669177001297916_n.jpg
633332052_1218292207150666_1854445795394689345_n.jpg
Алдыга
Артка
632693405_1218292213817332_4381460308561022697_n.jpg
627786835_1218292337150653_5181244276530564868_n.jpg
629348759_1218292210483999_4174669177001297916_n.jpg
633332052_1218292207150666_1854445795394689345_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети бир катар мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда жактырды.

Комитет жыйында депутаттар төмөнкү мыйзам долбоорлорун колдоп берди:

- “Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору. Демилгечи - Дастан Бекешев,

- “Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору, демилгечи – VII чакырылыштын депутаттары,

“Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору, демилгечи – VII чакырылыштын депутаттары,

- “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору, демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы,

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” мыйзам долбоору, демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы.