Тамга менен Караколдо электр берүү чубалгысы жана көмөк чордондор курулат. ЖК мыйзам долбоорун карады

Жогорку Кеңеш
Тамга менен Караколдо электр берүү чубалгысы жана көмөк чордондор курулат. ЖК мыйзам долбоорун карады
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 04.06.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда Тамга менен Караколдо электр берүү чубалгылары жана көмөк чордондору курулат. Кредиттик макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору парлментте биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Бул документке 2025-жылдын 22-апрелинде Вашингтон шаарында Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) ортосунда кол коюлган.

Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимовдун айтымында, Ысык-Көл облусунда Тамгада жана Караколдо электр берүү линиясын жана подстанцияларды куруу долбоорунда 220/110/10 кВ “Каракол” жана 220/110/24 кВ “Тамга” көмөк чордондорун, ошондой эле узундугу болжол менен 90 чакырым болгон 220 кВ “Тамга-Каракол” электр берүү чубалгыларын куруу каралган.

“Долбоордун жалпы наркы 60,25 млн АКШ долларын түзөт, анын ичинен 58,25 млн АКШ долларын ИӨБ жеңилдетилген насыя түрүндө каржылайт, ал эми 2 млн АКШ долларын Кыргыстан тең каржылайт”, - деди ал.