“Талдоо Time”: Миграция чечкиндүү чечимдерди талап кылат

Маек Загрузка... 26 Май 2025 17:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Тышкы миграция коомдук жашоонун бир бөлүгү болуп калды. Ошондуктан татыктуу иш издеп, чет өлкөлөргө чыгып кетип жаткан мекендештерибиздин аягы басыла элек. Бирок, дүйнөдөгү соңку жагдайлар миграция агымына бир топ өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. Маселенин оош-кыйыштары "Кабар" маалымат агенттигинин “Талдоо Time” берүүсүндө талкууланды. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу жана Агартуу министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова катышты.

- Улукбек Зулпукарович ,Россияда миграциялык чектөөлөр кирип, көзөмөлдүн күчөшү кыргызстандык эмгек мигранттарына кандай таасир этүүдө?

- Тышкы миграция маселеси жалпы Кыргызстан жана биздин сырттагы эмгек мигранттары үчүн абдан талылуу маселелердин бири. Айрыкча Россияда атайын аскердик операция башталгандан бери “террористтик коркунуч” көбөйдү деген жүйө менен коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Ошондуктан мигранттарга карата талаптар көбөйүп, тынымсыз текшерүүлөр жүрүп жатат. Мындай учурда биздин өкмөт Россия менен бирге кол коюлган ЕАЭБ боюнча түзүлгөн келишимдин шарттарына таянып, катуураак турушу керек. Анткени уюм түзүлүп жатканда ЕАЭБ аймагында жумушчу күчүнүн эркин жүрүүсүн камсыздоо укугу аталган келишимге киргизилген болчу. Бирок ага карабастан миграциялык көзөмөл катаалдашып, кээде өтө эле аша чаап кетип жаткан учурлар болууда. Бул маселеге биздин өкмөт кылдат көңүл бурушу кажет. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүп, легалдаштыруу мөөнөтүн сентябрь айына чейин жылдырганы жакшы болду. Антпесе, бул маселе аябай курч көйгөй болот эле. Биздин мигранттар азыр бир эле Россия эмес, АКШ менен Европада жана башка чет өкөлөрдө да көп. Биз мигранттардын укугун коргоо маселесине көңүл буруп, атайын келишимдерди түзүшүбүз керек. Азыр мына ушундай жагдайда миграция министрлигин кайра түзүү маселеси бышып жетилди. Биз миграция тармагын буга чейин улам бир ар кайсы тарапка, бирде Тышкы иштер министрлигине, бирде Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине түртүп отуруп, ушул абалга келдик. Убагында бул тармак өзүнчө министрлик болгон. Азыр ошого кайтып барып, сыртта жүргөн жарандарыбыздын укугун коргошубуз керек.

Ички эмгек рыногунда жумуш орундарын камсыздоо боюнча бир эле мисал. Бизде быйылкы жылы бир эле Мамлекеттик ипотекалык компания 61 миң батир курулуп, тапшырыла турганын жарыялады. Ошондо мына ошол көп кабат үйдүн курулуштарына канча жумушчу орду керек экенин эсептеп чыкса болот. Ал эми курулуш тармагында эмгек акынын өлчөмү бизде азыр Россиядагыдай эле. Бирок, тилекке каршы биздин курулуштарда азыр чет элдик жарандар иштеп жатышат. Азыр болсо Өзбекстандан, Кытайдан, Пакистандан, Бангладештен келген жумушчулар биздеги курулуш иштерин курууга тартылууда. Тигүү тармагында болсо, жалаң Бангладештен келген жумушчулар. Бул деген биздин өзүбүздүн жарандар бул маселеге көңүлкош караганы. Мына ошол эле Кытайдан келген жумушчулар биздин жарандардан арзан иштешпейт. Анан албетте, бир жолу чет өлкөдө иштеп калган жарандар сыртка чыгып иштегиси келе берет экен. 2006-жылы мен парламентте миграция комитетин жетектеп турганда Россияда жана Түштүк Кореяда болуп, анда иштеген биздин мигранттардын иштери менен таанышканбыз. Ошондо ал жактагы иш берүүчүлөр “тилди билет, ишти билет” деп мүнөздөп биздикилерди аябай макташкан. 10-15 жылдан кийин абал башка. 2019-жылы Россияга барсак, ал жактагы иш берүүчүлөр “биз азыр кыргызстандык эмгек мигранттарын тааныбай калдык, мурдагылардан такыр башка” деп айтышты. Анткени соңку мезгилде биздин балдар мектепти бүтүп эле, даярдыгы жок барып алышып, чет мамлекеттерге кара жумуштарга чыгышууда. Бирок, мына ошол кара жумушка “ушул жерде иште” десе, иштебей кетип калып жатышат.

- Бакыт Дарманкулович, бул жагдайда четтеги кыргыз мигранттарын укуктук жана социалдык коргоонун абалы кандай?

- Азыркы учурда сыртта иштеп жүргөндөрдүн саны 600 миңдин айланасында. Анын ичинен 379 миң жаран Россиянын аймагында жүрөт. Мисалга алсак, 2020-жылга чейин биздин эмгек мигранттардын саны 680-700 миңдей жараныбыз бир эле Россияда жүргөн болчу. Бул тенденция соңку 2-3 жылда бир топ кыскарып жатканын көргөзөт. Буга бир катар факторлор себеп болууда. Рублдин түшүүсү, Россиядагы миграциялык мыйзамдардын катаалдашуусу сыяктуу маселелер себеп болду. Биз да эмгек рыногун диверсификация жасап, кайтып келген эмгек мигранттарын Кыргызстандын ичинде жумуш орундары менен камсыздоого аракет жасап жатабыз. Бирок миграция деген ушундай бир башкача кубулуш экен. Россияда иштеп келген жарандарыбыздын арасында башка бир чет жакка барып, иштеп келүү ниети барлар көп болот экен. Мына ошолорго биздин ишке орноштуруу борбору чет өлкөлөргө барып иштеп келүүгө көмөк көрсөтүүдө. Былтыркы жылы 20 миңдин тегерегинде жарандар чет өлкөлөргө жумушка жиберилди. Мында ишке орноштуруу боюнча жеке менчик компаниялардын дагы салымы бар. Азыр биздин жарандар көбүнчө АКШга, Европага, Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмирлиги, Катар сыяктуу өлкөлөргө чыгып, иштеп келгенге аракет жасашууда.

- Учурда кыргызстандык эмгек мигранттары коопсуз жана кирешелүү багыттарды издеп, башка өнүккөн өлкөлөргө иштеп келүүнү көздөп жатканы байкалат. Кыргызстанга кайсы чет мамлекеттерден жумуш орундары үчүн квоталар бөлүнгөн?

- Азыркы учурда Европа багыты боюнча Улуу Британияга сезондук айыл чарба жумуштарына былтыр биздин 10 миң жаран барып, иштеп келди. Ал эми Англия жалпы бөлгөн жумуш квотасынын саны 40 миң адам. Ошол 40 миң квотанын он миңин биздин жарандар толуктап, пайдаланып жатат. Чакырган тараптын бирден бир талабы - барган жарандар мекенине кайтып кетиши керек. Биз жумушка барчулардын арасында жакшы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз, жыйынтыгы жаман эмес. Мына ошол мыйзамды бузбай, кайтып кетүү шарты катуу сакталгандыктан, биздин эмгек мигранттарга бөлүнгөн квотанын саны өстү. Башында башталганда бизге бөлүнгөн квота 1000-2000 адамдан эле башталган. Биздин жарандар Англияга барып, алты айдын ичинде жакшы киреше таап келип жатышат. Ал эми башка жактарга, айрыкча Россияга үй-бүлөсү менен кеткен мигранттарды көрүп жатабыз. Ал жакка бала-чакасы менен барып алып, кыйналып жатышат. Анан калса балдары менен четке кеткендердин көбү ал жакта калып кетиши мүмкүн. Ошондуктан да биз азыр чет мамлекеттерге кыска убакытка барып, иштеп келчү иштерге басым жасап жатабыз.

- Гүлнур Жекшебаевна, балдарды тышка чыгаруудан мурун атайын кесипке үйрөтүп, адаптация, укуктук сабаттуулук боюнча окутуп, коопсуздугу кепилденген жумуштарга жибере турган шарт түзсө болобу? Анткени 17-18-жаштагы балдар эч кандай даярдыгы жок миграцияга чыгып жатат. Алар кара жумушка иштеп, алданып, кылмыштуу топтордун торуна түшүп, оор абалга кептелген учурлар аз эмес.

- Ооба, азыркы учурда жаш балдар кесиптик даярдыгы жок эле, тааныш-билиш аркылуу чет өлкөлөргө чыгып кетип жатышат.

Ал эми статистика боюнча биздин бүтүрүүчүлөрдүн 68% бул жактан эле жумуш менен камсыз болушат. Анткени азыр ири долбоорлор ишке киришип, бир топ ишканалар ишке берилип жатат. Биз азыр ар бир адистик боюнча иш берүүчүлөр менен келишим түзүп, канча санда жана кандай адистикке даярдалган жумушчулар керек экенин анализдеп турабыз. Эмгек рыногунда азыр кандай кесиптерге суроо-талап бар экенин, керектөөнүн жана муктаждыктын абалын талдап, ошого жараша адистерди даярдап чыгуудабыз. Жумуш берүүчүлөр менен алдын-ала келишим түзүп, ошонун негизинде биздин бүтүрүүчүлөр окууну аяктай электе эле жумушка орношуп жатышат. Жаңы мыйзам боюнча биз азыр дуалдык окутууга өтүп жатабыз. Бул деген окуу менен бирге эле практикалык иштерди мына ошол ишканаларда өткөрүп, бара-бара биздин окуучулар мына ошол жакка ишке орношуп калышат. Ошондо жыйынтыктап айтканда, 68% бүтүрүүчүлөр бул жакта эле даяр жумушка иштеп калышса, 13% балдар чет жактардагы жумушка кетип жатышат. Бирок алар дагы барган ишканаларда ар түрдүү арзан акча төлөнгөн кара жумуштарда иштешпейт. Биздин балдар ширетүүчү, сантехник же электрик деген кесиби менен барып, маяна жакшы төлөнгөн иштерге иштеп жатышат. Азыр биздин лицейлердин базасында миграцияга чейинки борборлор иш алып барышууда. Анда жумушчу адистиктер боюнча кыска курстар уюштурулуп, кайсы кесипке ээ болсо болот, кайсы мамлекеттерге барып, легалдуу иштегенге мүмкүнчүлүктөр бар деген изилдөө аркылуу атайын даярдыктан өтүшөт. Ал эми атайын кесиби жок, бирок чет өлкөлөрдө иштеп жүрүп, иш жүзүндө кандайдыр бир көндүмдөрдү үйрөнүп келген эмгек мигранттар биздин сертификациялоо борборунан мурда үйрөнгөн кесиби боюнча тастыктама алып, документтерге ээ болушат. Буга чейин 400дөн ашуун биздин жарандар ошондой тастыктамадан өтүштү. Эми алар легалдуу түрдө иштеп, кесиби боюнча берилген сертификаттын негизинде жогорку маяна ала алышат. Эгерде ишти билгени менен сертификаты жок болсо, арзан жумушчу күчү катары иштеп жүрө беришмек.

Маалымат үчүн: Кыргыз жарандарынын тышкы миграциясы РФ: 2024-жылы 379,949 кыргызстандык Россиянын миграциялык органдарында катталган. Алардын көбү курулуш, тейлөө жана соода тармактарында эмгектенишет. Ал эми Казакстанда: 70,000, Түркия: 32,000, АКШ: 40,000 адам, Түштүк Корея: 17,000, Германия: 15,000 , Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ): 10,000 адам. Жалпысынан, 2024-жылы 650,000 кыргызстандык сыртта эмгектенүүдө.

Акча которуулар (ремиттенциялар)

  • 2024-жылы: Кыргызстанга чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынан келип түшкөн акча которуулар жалпы 2.989 млрд АКШ долларын түздү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 10%га көп.
  • Россиядан: 2.783 млрд доллар (93%дан ашык)
  • Башка өлкөлөрдөн: Калган 7% (Казакстан, Түркия, АКШ ж.б.)

Бул которуулар өлкө ИДПсынын 24%ын түзөт. Кыргызстан эмгек мигранттары аркылуу эң көп акча которууларды алган өлкөлөрдүн катарына кирет.

Кыргызстанга 2022–2025-жылдары Россиядан кайтып келген эмгек мигранттарынын саны төмөнкүдөй:

  • 2022-жыл: 29 000 адам;
  • 2023-жыл: 33 000 адам;
  • 2024-жылдын октябрь айына чейин: 48 000 адам.

Кыргызстанга кайтып келүү себептери:

Мигранттардын үй-бүлөсү менен бирге болуу ниети, үй-бүлөлүк көйгөйлөр, контракттын аякташы, депортация, рублдун кунунун түшүүсү жана Россиядагы мобилизация сыяктуу факторлор. Ошондой эле, айрым мигранттар туулган жеринде ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн издеп, кайтып келишкен. 2023-жылы мекенине кайтып келген кыргызстандыктардын саны 2022-жылга салыштырмалуу 85%га көбөйгөн. Ошондой эле, 2024-2025-жылдары бул тенденциянын уланганы байкалууда.