Кыргызстанда соңку мезгилде ири курулуш доору башталып, өлкөдө инфратүзүмдүк жана инвестициялык долбоорлор иштелип чыгып, куруу иштери өтө тездик менен жүрүп жатат. Инвестициянын көлөмү соңку эки жылда эки эсе өсүп, чакан ГЭСтер, тоо кендерин казып алуу, курулуш материалдарын чыгаруу тармактарына салынган инвестициянын көлөмү 1,7 млрд АКШ долларын түздү. Тышкы инвестицияга караганда, ички инвесторлордун салымы жогору болуп жатканы белгиленди. Министрлер кабинети быйыл жыл соңуна чейин 130дан ашуун инвестициялык долбоор ишке берилерин жарыялады. Бул көрүнүштүн өзгөчөлүгү эмнеде? Мындай тенденция экономикалык “чоң секирикке” өбөлгө түзө алабы? Бул маселенин күңгөй-тескейин жана инвестициялык иш-аракеттерге тоскоол болгон көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору “Талдоо Time” программасында талкууланды.
Бишкек жана Ош шаарларындагы ири бизнести аймактарга көчүрүү иш-аракеттери башталды. Ошондой эле инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгып, тиешелүү өндүрүш ишканаларын алыскы аймактарга жайгаштырууга артыкчылык берилип жатканы айтылды. Айрыкча мурда Бишкек жана Ош шаарларында өндүрүштүк ишканалар ачылса, азыр эми инвесторлор менен ишкерлер өнөр-жай ишканаларын алыскы жана жакынкы аймактарга ачып, бул үчүн мамлекеттен салыктык жеңилдиктерди алып жатканы белгиленди. Талкууда Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов айрым орчундуу суроолорго жооп берди.
- Министрлер кабинети быйыл жыл соңуна чейин 130дан ашуун инвестициялык долбоор ишке ашырыла турганын жарыялады. Бул эмне болгон инвестдолбоорлор?
- Былтыр Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына карата өнөр-жай ишканаларын ишке киргизүү боюнча долбоор иштелип чыгып, жыл соңунда 102 өндүрүштү ишке киргизгенбиз. Ошондо быйыл былтыркыдан кем эмес дымактуу план койгонбуз. Башында 128 долбоорду киргизсек, азыркы күнгө карата болсо 134 өндүрүш инвестициялык долбоор катары тизмеге киргизилди. Жыл соңуна чейин тизме дагы толукталышы мүмкүн. Анткени бизде борбордук штабда кайсы тармактан болбосун ар бир долбоордун ишке ашыруу мүмкүндүгүнө карата талдап чыгып, ага кошуп киргизе беребиз. Бул жерде биздин милдетибиз – ар бир долбоор бюрократиялык тоскоолдуктарга дуушар болбошу үчүн толук көзөмөл жасайбыз. Бул инвестициялык долбоорлорду өз убагында алдыга жылдыруу үчүн жасалып жаткан иш-чаралардын топтому. Анда инвестициялык иш-аракеттерге мамлекеттик колдоо көргөзүү саясаты камтылган.
- Бул инвестициялык долбоорлор тизмесине киргизүүдө кандай шарттар бар, кайсы багыттарга артыкчылык берилип жатат?
- Бул тизмеге киргизип, аны бекитүүдө кандайдыр тармактарга артыкчылык берген оор талаптар, кандайдыр бир критерийлер деле жок. Бул жерде ичкиби же тышкыбы, бизге келген кандай гана инвестор болбосун, анын кандай гана өндүрүштүк ишкана куруу ниети болбосун, бардыгы киргизилет. Ага эч бир шарт коюлбайт. Башкысы, Кыргызстанда кандай өндүрүш ачкысы келип жатканын көргөзгөн бизнес-долбоору жана каржылоо булактары анык болсо болду. Ошого жараша инвестицияны колдоо боюнча мамлекеттик саясатка ылайык ишти алып бара беребиз.
- Өкмөт жалпысынан көлөмү 1,7 млрд долларга барабар ири инвестициялар тартылып жатканын айтып жатат. Каржы булактары аныкпы?
- Былтыркы жылы биздин өндүрүштүн өсүү ыргагы 113%ды түзгөн. Быйыл болсо өткөн төрт айдын ичинде эле анын көлөмү 114,4%га барабар болду. Ошого жараша инвестициялык салымдардын көлөмү дагы эки эсеге өскөнүн айтып кетсем болот. Былтыр 775 млн долларга барабар болсо, быйыл болсо 134 өндүрүштүк ишкана боюнча эле инвестициялык салым 1,7 млрд долларга жетти. Бул өткөн жылдарга салыштырмалуу абдан жакшы көрсөткүч.
- Тышкы инвесторлор негизинен кайсы өлкөлөрдөн болууда? Алардын биздин улуттук экономикадагы катышын диверсификациялоо саясаты барбы?
- Негизинен, тышкы инвестициялардын көпчүлүгү бизге кошуна өлкөлөргө туура келет. Андан сырткары боордош Түркия сыяктуу алыскы мамлекеттерден да бар. Араб өлкөлөрүнөн дагы инвесторлор биздин өлкөгө келүүгө кызыкдар компаниялар чыгып жатат. Ирандык инвесторлор да кызыкдар. Бирок, көпчүлүгү азыркы учурда биздин ички инвесторлор курулуштарды жүргүзүп башташты. Аларга мамлекет кепилдик берип жаткандыктан, тиешелүү шарттар түзүлүүдө. Ошого байланыштуу биздин өзүбүздүн эле ишкерлер ички инвестор болуп, долбоорлорду иштеп чыгып сунуш менен келишүүдө. Анткени ички инвестициялык ресурстар деле жетиштүү болуп калыптыр. Мисалы үчүн 134 инвестициялык долбоордун ичинен 12 гана долбоор кен казууга байланыштуу. Негизинен, көмүр жана акиташ казып алуу тармагы. Калгандарынын бардыгы курулуш материалдарын чыгаруу, чакан ГЭСтерди куруу, тамак-аш, айыл чарба өсүмдүктөрүн кайра иштетүү сыяктуу өндүрүштүк ишканалар. Мына ошол инвестициялык долбоорлордун натыйжасында быйыл жыл соңуна чейин 14 миңден ашуун жумушчу орун түзүлө турганы жарыяланды. Инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып, анын жыйынтыктары кандай болору, экономикалык таасири алдын-ала изилденүүдө.
- Ички-тышкы инвестицияларды тартууда инвесторлор үчүн кандай жагымдуу шарттар сунушталууда?
- Биздин салык саясатыбыз Борбор Азияда гана эмес, КМШ мейкиндигинде да абдан либералдуу салык саясаты катары мурдатан эле белгилүү. Ошол эле кезде биздин мамлекет азыр инвесторлор үчүн абдан ыңгайлуу шарттарды сунуштап, инвестицияларды коргоонун кепилдигин бекемдеди. Бизде азыр жылдык товар жүгүртүүсү 15 млн сомго чейин болгон ишкерлер чакан ишкердик катары толугу менен салыктан бошотулган. Эгерде, инвестор аймактарга инвестиция сала турган болсо, аймактык коэффицент боюнча жеңилдетилген шартта салык төлөйт. Буга кошумча бийик тоолуу же болбосо, чек-ара аймактарына инвестиция салып, мына ошол жактарда өндүрүш ишканаларын ачып, жумушчу орундарын түзө турган болсо, сунуштаган долбооруна жараша инвестициялык макулдашуунун негизинде бир топ жеңилдиктер берилет. Азыр биздин ишкерлер мына ошонун бардыгын эсептеп чыгып, аймактарга инвестиция салууга белсенип жаткан учур. Мурда бизнес Бишкек жана Ош шаарларынынын ичинде гана топтолуп, өндүрүштүк ишканалардын көпчүлүгү мына ошол эки ири шаарда болуп, натыйжада жумуш орундары дагы мына ушул жактарда болгон болсо, азыр эми биздин ишкерлер менен инвесторлор Баткен, Нарын облустарына ишканаларын ачышууда. Мисалы үчүн Кадамжайда мунайды кайра иштетүүчү завод курулууда. Нарында болсо эт жана сүт азыктарын кайра иштетүүчү ишкана курулуп баштады. Жыйынтыгында жер-жерлерде жумушчу орундары пайда боло баштайт. Жумуш издеп Бишкеке же Ошко барууга зарылчылык азаят. Ички миграция кыскарат деген ишенимде болуп турабыз.
Кубаныч Жолдошев, "Кабар" маалымат агенттиги