Таластагы мөңгүлөрдүн кескин азайышы, суу тартыштыгын жаратат – окумуштуу

Экология Загрузка... 21 Апрель 2026 11:30
WhatsApp Image 2026-04-21 at 11.36.18.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.04.26. /Кабар. Бүгүнкү күндө Талас облусунда мөңгүлөрдүн азайышы 20-22 пайызга жетти. Бул тууралуу Борбор Азиядагы жерди прикладдык изилдөө институтунун директору, геология-минералогия илимдеринин кандидаты Болот Молдобеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча тоолордогу мөңгүлөр орто эсеп менен 16-17 пайызга азайган.

“Талас өрөөнүндө мурунку чоң мөңгүлөрдүн бардыгы эрип, майда мөңгүлөргө айланып калды. Ошондуктан Талас дарыясында суу абдан азайып, тартыштык көйгөйү жаралууда. Кыш мезгилинде кар аз жаап, суу берген мөңгүлөр да кичирейди. Облустагы Киров суу сактагычына суу аз чогулуп жатат”, — деди Молдобеков.

Ошондой эле ал Чүй облусунда да суу тартыштыгы жаралып жатканын, Чүй дарыясына негизги суу учурда Чоң-Кемин өрөөнүнөн гана келип жатканын белгиледи.

“Чүй дарыясынын суу чогулган жеринде болгону 1 эле пайыз мөңгү бар. Ошол себептен Орто-Токой суу сактагычына суу толбой жатат. Негизинен эң көп суу Чоң-Кемин өрөөнүнөн келип кошулат, анткени ал жакта мөңгүлөр сакталган жана кар көбүрөк жаайт”, — дейт ал.

Окумуштуу белгилегендей, дарыялардагы суу күздөн жазга чейинки жааган кардан, жер астындагы булактардан жана мөңгүлөрдөн куралат. Кар суусу түгөнгөндө, дарыяларды мөңгүлөр азыктандырат. Сууга жана мөңгүлөргө өзгөчө мамиле жасап, атайын программаларды иштеп чыкпасак, суу тартыштыгы көйгөйү курчуй берерин адис кошумчалады.