Талас, 11.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 11-сентябрда Талас шаарында Ералхан Абилдаев атындагы "Акылман" президенттик лицейинин салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөнүн алкагында уюштурулуп, ага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, ички иштер министри Улан Ниязбеков, мамлекеттик ишмерлер жана жергиликтүү тургундар катышты.
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров куттуктоо сөзүндө билим берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
“Заманыбыздын эң ишенимдүү калканы — билимдүү жаштар. “Акылман” лицейи келечекке жаркын кадам таштаган чыныгы билим уясына айлансын”,— деп баса белгиледи.
Жаңы ачылган Ералхан Абилдаев атындагы “Акылман” президенттик лицейи миңге чукул окуучуга ылайыкталган. Ошондой эле билим берүү мекемесинин аймагында 168 орундуу заманбап жатакана каралган.