Бишкек, 29.08.26. /Кабар/. Талас облусунда "Манас Ордо" улуттук комплексин реконструкциялоо жана жаңылоо иштери аяктоо алдында турат. Аймактагы пресс-турдун алкагында журналисттерге комплексте жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү көрсөтүлдү.
Президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаевдин айтымында, учурда комплекстин аймагындагы негизги реконструкциялоо иштери соңуна чыгып калды.

"Долбоордун алкагында кыргыздын улуттук боз үйүнүн формасында жети жаңы имарат курулду. Алардын ар бири Кыргызстандын жети облусунун биринин атын алып, келген конокторду кабыл алууга арналат. Мында келгендер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө да өзгөчө көңүл бурулууда. "Манас Ордо" комплексинин аймагында санитардык талаптарга жооп берген атайын мал союучу жай курулууда", - деди ал.
Анын маалыматына караганда, мындай жайдын курулушу комплекске зыярат кылуучулардын жана коноктордун көптүгү менен байланыштуу. Жыл сайын бул жерде курмандык чалуу жөрөлгөлөрү өткөрүлүп, 4 миңден ашык кой союлат.
"Элге ыңгайлуу шарт түзүү менен бирге “Манас Ордонун” аймагы таза жана туристтер үчүн жайлуу болушу керек. Ошондуктан өзүнчө мал союучу жай жана түлөөкана курдук. Бул жерде эки ашкана, муздаткыч бөлмө, очоккана жана башка зарыл бөлмөлөр каралган", — деди ал.

Түлөөкананын курулушун сентябрь айынын башында аяктап, пайдаланууга берүү пландалууда.
Комплексте курулган дагы бир жаңы объект — "Кеңеш Ордо" конгресс-холлу. Ал Талас облусундагы ушул багыттагы алгачкы административдик имарат болуп калат.
"Кеңеш Ордодо" жыйындарды жана ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган чоң зал, күтүү залы жана заманбап талаптарга ылайык жабдылган башка бөлмөлөр каралган.
Талас районунун аким Байышбек Асанакулов "Кеңеш Ордо" ири мамлекеттик жана коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтча болорун белгиледи.

"Бул — чакан болгону менен заманбап, Таластын өзгөчөлүктөрү эске алынып курулган имарат. Буга чейин облус аймагында мындай объект болгон эмес. Бул жерде маанилүү мамлекеттик жана коомдук иш-чаралар өткөрүлөт деп ишенебиз", — деди ал.
Комплексти жаңылоонун алкагында анын аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери да жүргүзүлүүдө. Аймак өкүлдөрүнүн айтымында, бул "Манас Ордого" жыл сайын Кыргызстандын башка аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн көп сандаган коноктор келерин эске алуу менен өзгөчө маанилүү.
Учурда курулуш жана реконструкциялоо иштерине 500гө жакын адам тартылып, алар күнү-түнү иштеп жатышат.
Жалпысынан "Манас Ордо" улуттук комплексин реконструкциялоого жана модернизациялоого 1 млрд 500 млн сом бөлүнгөн. Каражат президенттин тапшырмасынын негизинде каралган.
Облустук бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, бөлүнгөн каражат максаттуу багытта жана бекитилген эсеп-кысаптарга ылайык пайдаланылууда.
Жаңыланган "Манас Ордо" комплексин заманбап туристтик жана тарыхый-маданий жайга айландыруу пландалууда. Ошол эле учурда анын "Манас" эпосу жана кыргыз элинин руханий мурасы менен байланышкан маанилүү жайлардын бири катары тарыхый ордун сактоо көздөлүүдө.