Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Талас облусундагы тарыхый-маданий "Манас Ордо" комплексине келди.
Мамлекет башчысын биринчи айым Айгүл Жапарова коштоп жүрөт. Ошондой эле делегациянын курамында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касмалиев жана башка расмий адамдар бар.
Учурда "Манас Ордо" комплексинде Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле башка коноктор катышууда.
Комплексте Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына жана реконструкциядан кийин "Манас Ордонун" ачылышына арналган маданий программа башталды.