Таласта белгилүү спортчулар катышкан форум өттү

Аймак 2043 18 Март 2025 18:20
480470353_1040331588115842_6540332322093776404_n.jpg
480615460_1040331778115823_1884876755270022891_n.jpg
480758624_1040331661449168_954956182587673253_n.jpg
484074221_1040331571449177_547305429148029113_n.jpg
484965068_1040331568115844_6765370628443607631_n.jpg
484070704_1040331488115852_1178883899423430804_n.jpg
480479477_1040331471449187_5180129181547562356_n.jpg
485022632_1040331401449194_3996580179196468688_n.jpg
480660386_1040331364782531_7757585619961275625_n.jpg
481262891_1040331404782527_5083913362747614635_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ИИМдин басма сөз кызматы

Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Бүгүн, 18-мартта Таласта “Жаңы муун – жаркын келечек, Таза муун – коопсуз келечек” аталышындагы форум өтүп, ага эл өкүлдөрү, белгилүү спортчулар, алып баруучулар жана актерлор катышты.

ИИМден билдиришкендей, аталган форум министрлер кабинетинин “2022-2028- жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү концепциясынын” жана 2023-жылдын 4-декабрында кабыл алынган  иш-аракеттердин Улуттук планынын негизинде уюштурулган.

Форумга ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Талас ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеев жана Талас облусундагы 100дөн ашуун мектептен 500гө жакын окуучу катышты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө конокторго кыска метраждуу тасма көрсөтүлүп, бир катар интерактивдүү оюндар уюштурулуп, кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган сахналаштырылган чыгармалар коюлду. 

Жаштар форуму флешмоб менен жыйынтыкталып, катышуучулар өздөрүнүн коомдук көз караштарын жана укук бузууларды алдын алуу боюнча маанилүү билдирүүлөрүн коомго жеткиришти. Жыйынтыгында форумдун катышуучуларына жана конокторуна ыраазычылык билдирилип, сыйлыктар тапшырылды.