Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Талас облусунда бир катар чиновниктер коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бакай-Ата районунун акими А.Б.М. жана Токой кызматынын Талас токой чарбасынын директору А.Н.Ж. жана башка кызмат адамдары тарабынан мыйзам талаптарын системалуу түрдө одоно бузуу фактылары аныкталды.
Белгиленгендей, алар 2022-2023-жылдары Талас шаарынын кире беришиндеги жерлерди эс алуу жайлары үчүн мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча коррупциялык схема уюштурушкан.
Мамлекеттик токой фондуна таандык бул тилкелер 4 жаранга берилип, ал жерде эс алуу жайлары курулган. Бирок, жер тилкелери экспертизасыз, каттоосуз жана токой чыгымдарын төлөбөстөн мыйзамсыз берилгендиктен мамлекетке 23 млн сомдон ашык зыян келтирилген.
Мындан тышкары, 2024-жылы аким А.Б.М. мурдагы депутат жана айыл өкмөт башчысы менен сүйлөшүп, Бакай-Атада 475 теректи мыйзамсыз кыюуга уруксат берген. Натыйжада мамлекетке 5,3 млн сом зыян келтирилген.
Бул фактылар боюнча "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, А.Б.М. жана А.Н.Ж. убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.