Таласта 5 миңден ашык орунга ылайыкталган стадион курулат

Спорт 1894 07 Апрель 2025 14:54
cefacc69-4d2b-49dd-95d4-05d083ea7c4e.jpg
0ae0f924-95d1-4446-83c0-657915e8f59e.jpg
02a2e59e-d1c3-4bba-afd0-36fd06e7779f.jpg
3f5bb687-01e6-4cb2-a9f0-a3e059166747.jpg
6ac527d8-ccb9-45a6-98c1-a7cac745f50c.jpg
6edf6e78-9a26-45d5-b49f-85f3720ae9e7.jpg
17a3fa8d-dd7c-4f23-b9f4-77cb393c1c9d.jpg
59e39e7b-85ef-4baf-848b-55ffe7a79aa2.jpg
784dfbac-a3ab-4e08-908d-0c3be9676a44.jpg
965ac104-149e-411d-8d85-8ca2e13e2619.jpg
1746e765-ddbb-4bd0-9a2d-57103d658510.jpg
1848ebdd-ed39-41f1-9ed9-b983cb36dc19.jpg
6177e734-5004-429d-8941-99afb470169e.jpg
a5f2e402-bf2c-44c9-8f61-ccd5deb3242a.jpg
a9d1c144-98ce-4f17-86c7-191ce118e472.jpg
e07e6e28-676e-41cf-8d95-7d145fca048e.jpg
e9e6ca70-b760-441b-b9d3-91858bb6fa2f.jpg
f4186b96-8890-47ae-8b10-1a6a792e2ef9.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 07.04.25. /Кабар/. Бүгүн Талас шаарынын жаңы Борбордук стадионунун курулушу алдында мезгил кутучасын салуу аземи өттү.

УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, ага Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев жана шаардын тургундары катышты.

Белгиленгендей, Талас облусунун учурдагы Эшим Кутманалиев атындагы жалгыз стадионунун аймагында алгачкы футболдук беттеш 1937-жылы өткөн. Андан кийинки жылдары, стадион курулгандан тарта бир катар оңдоп-түзөө жана жаңылоодон өткөнү менен учурда заманбап талаптарга жооп бербейт.

Андыктан, облустарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттин көп багыттуу саясаты жана президенттин өлкөдө футболду өнүктүрүү жөнүндөгү жарлыгынын алкагында Талас шаарынын Асанбек Оторбаев көчөсүндө жайгашкан жер тилкесине жаңы стадион курулганы турат.

Заманбап талаптарга жооп бере турган стадиондун батыш жана чыгыш тараптарда жайгашкан трибуналары 5055 көрүүчүгө ылайыкталып, үч кабаттуу трибуналардын алдында жайгашкан корпуста кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, мелдештерди өткөрүү үчүн функционалдык бөлмөлөр салынат.

Андан сырткары, аталган корпустун ичинде профессионал футбол оюнчулары үчүн ылайыкталган жатакана жана тамактануу жайы, конференц-зал жана бир нече административдик бөлмөлөр каралган. Комплекстин үчүнчү кабатында VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү, ТВ адистери, беттештин расмий өкүлдөрү үчүн жана VAR системасын орнотуу үчүн орундуктар жайгашат.

Ошондой эле стадиондун оюн талаасы табигый болуп, анын айласында чуркоо аянтчасы курулат. Ал эми стадиондун өзү жана жалпы аянтча, жарык берүүчү шам-чырактар менен жабдылып, футболдук беттештерди кечкисин өткөрүүгө шарт түзүлөт.

Стадионго караштуу аймакта футбол аренасынан сырткары, жасалма чөптөн жасалган машыгуу оюн талаасы, воркаут аянтчасы, фудкорт аянтчасы орун алып, стадиондун айланасында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле, стадиондун аймагында массалык иш-чаралар үчүн 180 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулат.

Белгилей кетсек, аталган ири футболдук инфратүзүмдүк объект Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн тарыхында Талас аймагында алгачкы жолу курулуп, облустун тургундары жана өзгөчө жаш муундун өкүлдөрү арасында дени-сак жашоо образын жайылтууга шарт түзүп, эл аралык мелдештерди кабыл алууга ылайыкталат. Бул инфратүзүм объекти шаарга көрк кошуп, облустук, республикалык жана эл аралык маанидеги масштабдуу иш чараларды кабыл алат.