Таласта 41 баш топоз уурдоого шектелип 3 адам кармалды

Укук тартиби 5 ноябрь 2025 10:15
574035752_17974157684950685_7819380530615515413_n.jpg
573563911_17974157705950685_2052615055298310302_n.jpg
574465170_17974157696950685_3341307516669664691_n.jpg
Алдыга
Артка
574035752_17974157684950685_7819380530615515413_n.jpg
573563911_17974157705950685_2052615055298310302_n.jpg
574465170_17974157696950685_3341307516669664691_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Талас ОИИБ

Бишкек, 05.11.25. /Кабар/. Таласта 41 баш топоз уурдоого шектелип 3 адам кармалды. Бул тууралуу Талас облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас райондук милициясына 23 жаштагы жаран 14-октябрдан бери Кара-Кол жайлоосунан 41 баш топозу жоголуп жатканын айтып кайрылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Мал уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары арыз ээсинин айылдашы, Талас районунун тургуну 42 жаштагы Р.К. жана Талас шаарынын 42 жаштагы жашоочусу Н.Т., Ош облусунун Ноокат районунун тургуну 45 жаштагы М.Ю. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.