Таласта 25 көмөк чордондо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 1625 03 Апрель 2025 12:51
photo_5436034579656995179_y.jpg
photo_5436034579656995189_y.jpg
photo_5436034579656995186_y.jpg
photo_5436034579656995184_y.jpg
photo_5436034579656995183_y.jpg
photo_5436034579656995182_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5436034579656995179_y.jpg
photo_5436034579656995189_y.jpg
photo_5436034579656995186_y.jpg
photo_5436034579656995184_y.jpg
photo_5436034579656995183_y.jpg
photo_5436034579656995182_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Талас электр тармактар ишканасынын көмөк чордон кызматы 25 көмөк чордондо жабдыктарды капиталдык жана утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, аймакта көмөк чордондорду оңдоо иштери февраль айында башталган. Мындай иштер "Кировка", "Жийде", "Семетей", "Талас, "Кум-Арык", "Жетиген", "Чыгыш", "Кырк-Казык", "Өзгөрш", "Победа" жана башка көмөк чордондорун камтыды.

Ал эми апрель айынан ноябрь айына чейин планга ылайык калган көмөк чордондор оңдоодон өткөрүлөт.

"Бул иштер инфраструктураны чыңдоо жана аймактагы электр энергиясын туруктуу камсыздоону камсыздоо үчүн багытталган. Капиталдык жана утурумдук оңдоо иштери системанын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, авариялык кырдаалдарды минималдаштырууга жана Талас облусунун керектөөчүлөрү үчүн шарттарды жакшыртууга жардам берет", - деп айтылат маалыматта.