Бишкек, 27.03.25. /Кабар/. Талас шаарында 22 даана трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери жүрүүдө.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, капиталдык оңдоо иштеринин алкагында 22 трансформатор оңдолуп, ошондой эле Талас шаардык электр тармактарында 175 трансформатордун техникалык тейлөө иштери пландалган.
Ал эми, кийинки жылы Талас шаарында 3 трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылат: 1 трансформатор 250 кВАдан 400 кВАга, 1 трансформатор 400 кВАдан 630 кВАга, 1 трансформатор 630 кВАдан 1000 кВАга көтөрүлөт. Ошондой эле, Талас шаарында 4 км аба линиясы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, 14 эски жыгач мамыча темир бетон мамычаларга алмаштырылат.
Муну менен катар, техникалык тейлөө иштеринин жүрүшүндө Талас шаарында 267,189 км аба чубалгысы тейленет.
Белгилей кетсек, Талас электр тармактар ишканасы оңдоо иштерин март айынан баштап, ноябрь айына чейин улантат. Бул иш-чаралар облустагы электр энергиясынын туруктуу жана сапаттуу жеткирүүчүлүгүн камсыз кылууга багытталган.