Талас районунда март айынан баштап 54 трансформатор оңдоодон өткөрүлөт

Аймак Загрузка... 27 Февраль 2025 14:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Талас районунда электр тармактарын жакшыртуу максатында 54 даана трансформаторду капиталдык оңдооодон өткөрүү пландалууда.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, ошондой эле 386 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өтөт.

Иштер Талас электр тармактар ишканасынын Талас райондук электр тармагы тарабынан аткарылат.

Белгиленгендей, күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштери март айынан баштап ноябрь айына чейин жүргүзүлөт.

Ошондой эле Талас районунда 3 трансформатордун кубаттулугу жогорулатылат.

Мындан тышкары, райондун аймагында аба чубалгыларын каниталдык ондоо, жыгач мамыларды темир бетон мамыларга алмаштыруу иштери каралган.

10 миң 842 даана акылдуу эсептегичтерди орнотуу пландалса, бүгүнкү күндө 1 272си орнотулду.