Талас районунда мал соючу жаңы цех ачылды

Аймак Жүктөлүүдө... 17 Апрель 2025 12:17
photo_5190462712042351180_y (1).jpg
photo_5190462712042351183_y (1).jpg
photo_5190462712042351181_y.jpg
photo_5190462712042351178_y (1).jpg
Алдыга
Артка
photo_5190462712042351180_y (1).jpg
photo_5190462712042351183_y (1).jpg
photo_5190462712042351181_y.jpg
photo_5190462712042351178_y (1).jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. Талас районунун Чоң-Алыш айыл аймагында мал союучу жаңы цех ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышты.

"Ар бир айыл аймагында заманбап мал союучу касапкана болушу керек. Себеби, санитардык-ветеринардык талаптар сакталып, азык-түлүк коопсуздугуна болгон жоопкерчилик жогорулап, элибиз таза эт менен камсыздалат. Бул  улутубуздун саламаттыгы үчүн аба-суудай керек.

Ошондой эле жумуш орундары түзүлүп, өлкөбүздүн экономикасына салым болот. Союлган малдын териси жараксыз болбой, кайра иштетилип, элибизге кирише берет", –деди Төрөбаев.

Бул өндүрүштүк объектини курууга жеке инвестициялардын эсебинен 2 млн сом жумшалган. Ишканада жергиликтүү тургундар туруктуу жумуш менен камсыз болот.