Таласта мыйзамсыз балык уулаган 2 жаранга айып салынды

Укук тартиби 14 ноябрь 2025 14:25
583714332_830888162897648_6125003271081779438_n.jpg
583002778_830888132897651_1027575881407076715_n.jpg
583039602_830888159564315_4436954117722517725_n.jpg
Алдыга
Артка
583714332_830888162897648_6125003271081779438_n.jpg
583002778_830888132897651_1027575881407076715_n.jpg
583039602_830888159564315_4436954117722517725_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 14.11.25. /Кабар/. Талас облусунда мыйзамсыз балык уулаган 2 жаранга айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-ноябрда Үрмарал өзөнүндө мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталып, жеринде тактоо иштери жүргүзүлдү.

Натыйжада эки жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык экөөнө эки укук бузуу протоколу түзүлдү:

  • 20 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул;
  • айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн 10 100 сом өлчөмүндө доо коюлду.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы балык ресурстарын коргоо — биотүрдүүлүктү сактоонун маанилүү бөлүгү экенин эскертет жана жарандарды мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.