Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Манас шаарындагы жаңы автобекеттин аймагындагы асфальт-бетон катмары кайрадан төшөлөт. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, асфальт-бетон жабуусунун төмөнкү катмарын лабораториялык текшерүүдө бир катар кемчиликтер аныкталып, сапат талаптарына жооп бербей тургандыгы аныкталган. Буга байланыштуу курулуш иштерин жүргүзгөн подрядчы уюм талапка жооп бербеген катмарды толугу менен алып салды.
Учурда автобекеттин аймагына сапат стандарттарына жооп берген жаңы асфальт-бетон катмарын төшөө иштери жүргүзүлүүдө.
Мекемеден билдиришкендей, аткарылган иштер кайрадан лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлөт. Асфальттын сапаты бардык талаптарга жооп берери тастыкталгандан кийин гана объект кабыл алынат.