Талантбек Эдилов Базар-Коргон районунун акими болуп дайындалды — Кабар

Талантбек Эдилов Базар-Коргон районунун акими болуп дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор 28 март 2025 08:30
Талантбек Эдилов Базар-Коргон районунун акими болуп дайындалды
copyright icon Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү

Бишкек 28.03.25 /Кабар/. Эдилов Талантбек Расабекович Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Талантбек Эдилов буга чейин президенттин Талас облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары кызматын аркалап келген.