Такыр-Төр көлүнүн жырылуусу. Айылдарда унаа жолдор жабык

Кырсык 28 Июнь 2025 11:52
514061032_1127659276073464_5641271348162820035_n.jpg
513536243_1127659336073458_1244258387686555964_n.jpg
514018050_1127659392740119_836850559928144485_n.jpg
Алдыга
Артка
514061032_1127659276073464_5641271348162820035_n.jpg
513536243_1127659336073458_1244258387686555964_n.jpg
514018050_1127659392740119_836850559928144485_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 28.06.25. /Кабар/. Ысык-Ата районуна караштуу "Такыр-Төр" көлүндөгү абалга байланыштуу учурда Алмалуу жана Тоолуу Серафимовка айылдарынын ортосундагы унаа жол убактылуу жабык, атайын посттор уюштурулган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, агып жаткан суу токтоп, коркунуч жоюлгандан кийин тазалоо иштери жүргүзүлөт.

Жеринде ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ (5 кызматкер), 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, №43 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 манипулятор, суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор, жергиликтүү бийликтен 2 экскаватор, жалпы 7 техника даярдыкта турат.

Белгилей кетсек, күн мурун Такыр-Төр көлү жырылып, аймактагы айылдардан 950дөн ашык адам эвакуацияланган.