Бишкек, 07.07.25. /Кабар/. Тайванда "Данас" тайфунунан улам кеминде 28 киши жаракат алды. Бул тууралуу аралдын Борбордук маалымат агенттиги (CNA) Өзгөчө кырдаалдарды башкаруунун улуттук борборуна шилтеме берүү менен билдиргенин Известия жазды.
Анда белгиленгендей, 14 баллга жеткен шамал Тайвандын түштүк-батышында 6-июлда болду. Кооптуу циклонго байланыштуу округдардан жана шаарлардан 2,8 миңден ашык адам эвакуацияланды.
Аба ырайынын бузулганынан 495 миңге жакын үй электр жарыгысыз калган, азыр алардын 388 миңден ашыгы анын калыбына келишин күтүп жатат.
Мындан тышкары, үч жогорку ылдамдыктагы поезд токтоп калып, жүргүнчүлөр көздөгөн жерине эртең менен гана жеткен.
"Данас" тайфуну учурда Кытайдын чыгыш провинцияларына жакындап келүүдө. Циклондо бороондун максималдуу күчү 12-13 баллга жетет. Аба ырайынын начарлашына байланыштуу алыскы аралдардан 1,5 миңден ашык турист эвакуацияланды.