Таиландда учак кулап, беш киши каза тапты

Дүйнө Загрузка... 25 Апрель 2025 17:45
WhatsApp Image 2025-04-25 at 14.03.19.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Таиландда учак сууга кулап, беш киши каза тапты. Бул тууралуу Thai PBS телеканалы кабарлаганын ТАСС жазды.

Маалыматка караганда, чакан учак Таиланддын Пхетчабури провинциясындагы Бангкоктон 160 чакырым алыстыкта жайгашкан курорттук шаарда кулаган.

Thai PBS белгилегендей, DHC6 - 400 Twin Otter учагы Таиланддын падышалык полициясына тиешелүү жана парашют менен секирүүгө даярдануу үчүн колдонулуп келген.

Учурда Таиланддын авиация кызматы жана полиция авиакырсыктын себептерин аныктап жаткандыгы айтылды.