Бишкек, 29.10.25. /Кабар/. Таиланддын бийлиги 24-октябрда эне-ханыша Сирикиттин каза болгондугуна байланыштуу аза күтүү учурунда чет элдик туристтер үчүн катуу чектөөлөр киргизилбей турганын билдирди. Бирок, саякатчыларга жупуну кийинүү жана тай элинин азасына урмат көрсөтүү сунушталат. Бул тууралуу РИА Новости маалымдайт.
Таиланддын Туризм башкармалыгы белгилегендей, бардык кооз жерлер, ресторандар, транспорт жана дүкөндөр кадимки режимде ишин улантууда. Чоң падыша сарайы менен Изумруд Будда храмы гана аза күтүү иш-чараларына байланыштуу 26-октябрдан 8-ноябрга чейин жабылат.
Салттуу түрдө ноябрь айынын башында өтүүчү Лой Кратхонг майрамы белгиленген мөөнөттө, бирок — ызы-чуусуз, шаңдуу кечелерсиз жана сулуулар сынагысыз өтөт.
Туристтерге ачык түстөгү кийимдерден, ызы-чуулуу кечелерден жана интернеттеги орунсуз комментарийлерден кармануу сунушталат. Бийлик Таиландда монархияны кемсинтүү кылмыш жоопкерчилигине тартыларын жана 3 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланарын эскертет.
Белгиленгендей, ханышаны аза күтүү 25-ноябрга чейин уланат, ал эми өлкөнүн мамлекеттик кызматкерлери бир жыл бою аза түстөгү кийимдерди кийип жүрүшөт.