Таиландда экскурсиялык автобус жол кырсыгына кабылып, 18 адам каза тапты

Дүйнө Загрузка... 26 Февраль 2025 15:40
WhatsApp Image 2025-02-26 at 10.28.22.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Таиландда экскурсиялык автобус жол кырсыгына кабылып, 18 адам каза тапты. Бул тууралуу ТАСС Thairath гезитине таянып билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы Бангкоктон 120 чакырым алыстыкта жайгашкан Прачинбури провинциясынын чыгыш бөлүгүндө катталды.

Окуя 200 адамдан турган экскурсиялык топту үч автобус менен ташып бара жатканда болду. Автобустардын бири жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Унаада 47 жүргүнчү жана эки айдоочу болгон.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, жол кырсыгында 18 адам көз жумуп, дагы 20 киши ооруканага жеткирилген. Куткаруучулар дайынсыз жоголгон калган адамдарды издеп жатат. Полиция жол кырсыгын иликтөөдө.