Таиландда автобус кырсыкка учурап, эки адам каза таап, 13 киши жабыркады

Дүйнө Загрузка... 04 Июнь 2025 14:35
WhatsApp Image 2025-06-04 at 12.54.04.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.06.25. /Кабар/. Таиландда автобус кырсыкка учурап, эки адам каза таап, 13 киши жабыркады. Бул тууралуу Известия Khaosod газети билдиргенин жазды.

Маалыматка караганда, Прачуапкхирикхан провинциясында Районг – Мукдахан каттамы боюнча бара жаткан туристтик автобус жолдон чыгып, кулаган.

Автобуста ал учурда 28 адам болгон, алардын 13ү жол кырсыгында жаракат алды.

Полиция окуяны иликтөөдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, автобустун айдоочусу уктап кеткен.