Бишкек, 13.05.26 /Кабар/. Таиланддын Тышкы иштер министрлиги өлкөгө визасыз кирген чет элдик туристтер үчүн уруксат берилген мөөнөттү 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартууну өкмөткө сунуштады. Бул тууралуу Bangkok Post басылмасына таянып, Интерфакс жазды.
Анда белгиленгендей, Таиланддын тышкы иштер министри Сихасак Пхуангкеткеоу бул сунуш башка министрликтер тарабынан каршылыкка кабылбайт деп күтөрүн билдирди. Ошондой эле министрлик чет элдиктер үчүн визалардын түрлөрүн азайтуу маселесин да карап жатканы айтылды.
Буга чейин Таиланд өкмөтү 2024-жылы визасыз жүрүү мөөнөтүн узартуу күтүлбөгөн көйгөйлөрдү жаратканын билдирген. Атап айтканда, өлкөгө турист катары кирип, бирок башка максатта жүргөн чет элдиктер көбөйгөнү белгиленди.
Айрыкча туристтер көп барган Ко Самуи жана Ко Пханган аралдарынын тургундары визасыз мөөнөттүн узарышы чет элдиктердин кыймылсыз мүлктү жергиликтүү адамдардын атына каттатуу учурларын көбөйткөнүн айтышууда.
Министрдин айтымында, туристтик сапар үчүн 30 күн жетиштүү. Ошол эле учурда жаңы эрежелер кайсы бир өлкөнүн жарандарына басмырлоо же адилетсиз мамиле кылбай турганы белгиленди.
Мындан тышкары, Таиланд бийлиги чет элдик туристтердин өлкөдө жүрүү максаттарын текшерүүнү күчөтүүнү пландап жатат. Ошондой эле туристтер үчүн милдеттүү камсыздандырууну киргизүү маселеси дагы талкууланууда.