Таиланд менен Камбоджанын чек арасында куралдуу кагылышуу болду

Дүйнө Загрузка... 24 Июль 2025 17:24
WhatsApp Image 2025-07-24 at 16.33.41.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 24.07.25 /Кабар/. Бүгүн Таиланд менен Камбоджанын чек арасында куралдуу кагылышуу катталып, бир нече адамдын өмүрү кыйылды.

Коммерсант агенттигинин маалыматына ылайык, Таиланд бийлиги Камбоджа артиллерия колдонгонун жана бир снаряд турак үйгө тийгенин билдирген. Андан соң Таиланд F-16 аскердик учактарын ишке киргизип, алардын бири Камбоджанын аймагындагы аскердик объектти жок кылган.

Бул окуяга байланыштуу Таиланд Камбоджа менен чек арасындагы бардык өткөрмө пункттарды убактылуу жапкан.

Белгилей кетсек, эки өлкөнү узундугу 800 чакырымдык чек ара бөлүп турат. Француздардын башкаруусу убагында демаркация иштери жүргүзүлгөнү менен айрым чек ара аймактары так аныкталган эмес.

Камбоджа бул маселе боюнча БУУнун Эл аралык сотуна кайрылган. Буга чейин 2011-жылы дагы XI кылымга таандык Прэахвихеа храмынын жанында кагылышуу болуп, 20дай адам каза болгон.