Таиланд менен Камбоджа ок атышууну токтотууга макулдашты

Дүйнө 28 июль 2025 17:42
Таиланд менен Камбоджа ок атышууну токтотууга макулдашты

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Таиланд менен Камбоджа ок атышууну токтотууга макулдашты. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.

Анда белгиленгендей, Таиланд менен Камбоджанын ок атышууну токтотуу келишими жергиликтүү убакыт боюнча түн жарымда күчүнө кирерин Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим эки өлкөнүн сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгынан кийин билдирди.

"Камбоджа менен Таиланд төмөнкүдөй маселелер боюнча жалпы түшүнүшүүгө келишти: биринчиси — жергиликтүү убакыт боюнча бүгүн саат 24:00дө тез арада ок атышууну токтотуу. Бул тынчтыкты жана коопсуздукту калыбына келтирүүгө жасалган маанилүү кадам", — деди ал.

Белгилей кетсек, Таиланд менен Камбоджанын ортосундагы кырдаал чек арадагы талаштуу тилкеде 28-майда курчуп кеткен.

Бүгүн Таиланд менен Камбоджанын жогорку кызмат адамдары Малайзияда жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүү 24-июлда эки өлкөнүн чек арасында орун алган аскердик кагылышуудан кийин уюштурулду.