Таиланд чек арадагы чыр-чатактан 308 млн доллар зыян тарткан

Дүйнө Загрузка... 30 Июль 2025 09:13
WhatsApp Image 2025-07-29 at 17.29.44.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.07.25. /Кабар/. Таиланд Камбоджа менен чектешкен чек арадагы 5 күнгө созулган чыр-чатактын айынан келтирилген зыян 10 млрд батка жеткенин (308 млн доллар) билдирди. Бул тууралуу өлкөнүн вице-премьер жана каржы министри Пхичай Чунхавачира билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, зыяндын акыркы өлчөмү мындан да көп болушу мүмкүн. Мындан улам өлкө өкмөтү алгач 25 млрд бат (770 млн доллар) бөлүүнү чечти. Каражат чек арадагы чыр-чатактын кесепетин калыбына келтирүүгө жумшалат.

Күн мурун Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Куала-Лумпурдагы Таиланд менен Камбоджанын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгына ылайык, ок атышпоо күчүнө киргенин айткан.

Таиланд менен Камбоджанын чек арасындагы окуя 24-июлда курчуган. Куралдуу кагылышууда эки тараптан тең каза болгондор жана жаракат алгандар бар экени айтылган.