Свердлов районунун акими алмашты

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 24 Июль 2025 15:40
1753348139_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 24.07.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Свердлов административдик районунун башчысы Адиев Капарбек Абдужалалович мурда ээлеген кызматынан берилген арызынын негизинде бошотулду.

Анын ордуна буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын башчысы болуп иштеп келген Амангелдиев Медер Амангелдиевич дайындалды.