Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Коммунизм – Жаңы-Дыйкан автомобиль жолун жаңылоо иштери уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жалпы узундугу 6 чакырым болгон жолдун 4 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү. Калган бөлүгүнө да асфальт төшөө иштерин быйыл аяктоо пландалууда.
"Иштерди №52 Жол эксплуатациялоо мекемеси белгиленген графикке ылайык жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.