Сузакта айыл чарба жерлерине мыйзамсыз турак жай куруу фактысы аныкталды

Аймак Жүктөлүүдө... 15 Декабрь 2025 13:00
WhatsApp Image 2025-12-15 at 10.06.18.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-15 at 10.06.58.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-12-15 at 10.06.18.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-15 at 10.06.58.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. Сузак районуна караштуу С.Атабеков айыл өкмөтүнүн Мундуз айылынын жашоочулары айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлерине мыйзамсыз турак-жай куруп алышканы аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, президенттин 2022-жылдын 8-апрелиндеги ‘’Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын талаптарын сактабаган жарандарга эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында аталган фактылар боюнча материалдар Жалал-Абад ОИИБге өткөрүлүп берилди.