Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Араван жана Ноокат райондорунда жаратылышты коргоо мыйзамдарынын сакталышын текшерүү учурунда балык уулоо эрежелерин бузган 5 жаран аныкталды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, аныкталган жарандарга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык 5 административдик протокол түзүлдү.
Рейддин жүрүшүндө жергиликтүү тургундарга аңчылык жана балык уулоо эрежелерин сактоо, жаратылыш ресурстарына аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Министрлик жаратылышты коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча көзөмөлдөө жана алдын алуу иш-чаралары улантыларын билдирди.