Бишкек, 08.05.25. /Кабар/. Бүгүн Сузак районунун борбордук аянтында Улуу жеңиштин 80 жылдык майрамы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш-чарага президенттин аймактагы өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, район акими Баратбек Сыдыкназаров, Улуу Ата Мекендик согуштун Сузак районундагы жалгыз ардагер - 99 жаштагы Мамасалы Жумаев катышты.
Сааламлыкта жергиликтүү бийлик тарабынан ардагер Мамасалы Жумаевге автоунаа белекке берилди. Мындан сырткары, райондогу мекеме-ишканалардын жамааты "Өлбөс полк" жүрүшүнөн өтүштү.
Облус башчысынын орун басары Урматбек Самаев Улуу Жеңиш майрамы мекенчилдиктин жана каармандыктын үлгүсү катары тарых бетинде түбөлүккө калаарын айтып, жалпы жатышуучуларды куттуктады.