Кыргызстандагы бир катар шаарларда “Өлбөс полк” жүрүшү өтүүдө

Коом 9 май 2026 10:40
Кыргызстандагы бир катар шаарларда “Өлбөс полк” жүрүшү өтүүдө
copyright icon Кабар

Бишкек, 09.05.26 /Кабар/. Бүгүн, 9-майда "Өлбөс полк" жүрүшү Бишкек, Манас, Талас, Ош, Караколдо жана башка шаарларда өтүп жатат.

"Өлбөс полк" жүрүшүнө Улуу Ата Мекендик согушка катышкан жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп, миңдеген кыргызстандыктар көчөлөргө чыгышты.

Милиция кызматкерлери жер-жерлерде коопсуздукту камсыз кылууда.

Эскерте кетсек, быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы белгиленүүдө.