"Өлбөс полк" акциясы: Байтик баатыр көчөсүндө унаа кыймылы чектелет

Коом 8 май 2026 18:37
"Өлбөс полк" акциясы: Байтик баатыр көчөсүндө унаа кыймылы чектелет

Бишкек, 08.05.26. /Кабар/. Эртең, 9-майда Бишкекте Жеңиш күнүнө арналган "Өлбөс полк" аскердик-патриоттук акциясы өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, Байтик баатыр көчөсүндө унаалардын кыймылы убактылуу чектелет.

“Буга байланыштуу аталган багыт аркылуу каттаган автобустардын жүрүү аралыгы убактылуу узарышы мүмкүн”,– деп айтылат маалыматта.