Суу тартыштыгынан улам Тегерандын калкы эвакуацияланышы мүмкүн

Дүйнө Загрузка... 11 Ноябрь 2025 13:31
WhatsApp Image 2025-11-11 at 11.32.28.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.11.25 /Кабар/. Иран учурда тарыхтагы эң олуттуу суу кризисин башынан өткөрүп жатат. Айрыкча, өлкөнүн борбору — Тегеранда абал абдан оор. Өлкө бийлиги бул абалды узакка созулган кургакчылык менен түшүндүрсө, айрым окумуштуулар суу ресурстарын туура эмес башкаруунун кесепети деп эсептешерин Euronews агенттиги жазды.

Анда белгиленгендей, бийлик суу сактагычтардагы деңгээлди жогорулатуу максатында жекшемби күндөн тарта түнкү убакта суу берүүнү убактылуу чектөө чечимин кабыл алды. Учурда кырдаал абдан оор болгондуктан, эгер жамгыр жаабаса өкмөт 10 миллион калкы бар Тегеранды убактылуу эвакуациялашы мүмкүн. Иран президенти Масуд Пезешкиандын айтымында, өлкөнүн борборун Перс булуңунун жээгине көчүрүү боюнча да вариант талкууланууда.

Бүгүнкү күндө Тегерандын аймагында 5 ири суу сактагыч бар, бирок алардын баары оор абалда. Учурда суунун көлөмү акыркы 100 жылдагы эң төмөн деңгээлге түшкөн. Мунун башкы себеби — көп жылдардан берки кургакчылык жана быйыл болгон 60 жылдан кийинки эң катуу ысык. Жайында аба ырайынын ысык болушу электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашына да алып келген.

Ал эми канадалык окумуштуулар Ирандагы суу тартыштыгын адам факторуна байланыштырышат. Буга суу ресурстарын туура эмес башкаруу, дамбалардын ашыкча курулушу жана чарбалык каталар себеп болуп, кургакчылык менен ысык — болгону жагдайды тездеткен деп эсептешет.