Суу тартыштыгы маселесин чечүү: Баткенде 7 жасалма мөңгү тоңдурулду

Аймак 04 Март 2026 15:00
647198330_1461429315350519_7745186999352057628_n.jpg
1.jpg
2.jpg
646196257_1461429528683831_3822466298719614260_n.jpg
646200441_1461429602017157_3185172262988769235_n.jpg
646216557_1461429575350493_4491774852314045368_n.jpg
646280045_1461429648683819_203940177722356461_n.jpg
646281959_1461429502017167_3258052161488798222_n.jpg
647672903_1461429395350511_5135359796141425547_n.jpg
647686788_1461429445350506_7697174628221755959_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Баткен облусунда суу тартыштыгын жоюуга багытталган жасалма мөңгүлөр долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облустук бийлик өкүлдөрү Россиянын Оштогу башкы консулу, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун жана ЕККУ өкүлдөрү менен биргеликте Лейлек районунун Көк-Таш айылындагы жасалма мөңгүнүн абалы менен таанышты.

Учурда Баткен жана Лейлек райондорунда жалпы 7 жасалма мөңгү курулуп, аларда жалпы 1,5 млн куб метрден ашык суу топтолду. Бул суу жаз жана жай айларында эгин сугарууга колдонулат.

Жасалма мөңгүлөр Газ, Согмент, Булак-Башы, Кайыңды (Баткен р-ну) жана Айбийке, Көк-Таш, Сумбула айылдарында жайгашкан. Бул ыкма климаттын өзгөрүү шартында дыйкандарды туруктуу суу менен камсыз кылууга шарт түзөт.

Тараптар бул тажрыйбаны облустун башка аймактарына да жайылтууну макулдашты.