Сурабалдиева: БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болуу — Кыргызстанга болгон ишеним

Саясат Загрузка... 04 Июнь 2026 17:00
710799400_1309765038003382_7861101126817276150_n.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуп шайлануу өлкөгө көрсөтүлгөн жогорку ишенимдин белгиси. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Элвира Сурабалдиева билдирди.

Эл өкүлү белгилегендей, бул мамлекет үчүн тарыхый окуя. Өлкөбүз биринчи жолу дүйнөлүк тынчтык жана коопсуздук маселелери каралуучу эң маанилүү эл аралык органга мүчө болуп жатат.

Сурабалдиеванын айтымында, бул Кыргызстанга глобалдык деңгээлдеги маселелерди талкуулоого жана чечимдерди кабыл алууга катышууга, ошондой эле Борбор Азиянын кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде илгерилетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

“Коопсуздук кеңеши БУУнун эң таасирдүү органдарынын бири болуп саналат. Ага мүчө болуу өлкөгө көрсөтүлгөн жогорку ишенимдин белгиси. Бул Кыргызстан үчүн чоң сыймык гана эмес, эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого салым кошуу боюнча чоң жоопкерчилик дагы болуп эсептелет. Кыргызстанды 142 мамлекеттин колдоосу өлкөбүздүн эл аралык аброюнун өсүп жатканын жана жүргүзүп жаткан тышкы саясатына болгон ишенимди көрсөтөт. Бул кыргыз дипломатиясынын жана мамлекетибиздин эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү аракеттеринин жогорку баасы”, - деди эл өкүлү.