Бишкек, 18.05.26 /Кабар/. "Sun Planet Organic" ишканасынын ачылышы менен 200гө жакын жаңы жумуш орду түзүлөт. Бул тууралуу "Sun Planet Organic" компаниясынын директорунун орун басары Санжар Тойболотов билдирди.
Анын айтымында, компания буга чейин Жалал-Абад облусунда чакан ишкана катары иш жүргүзүп келген. Ал эми Чүй облусунун Маловодное айылында курулуп жаткан жаңы ири ишкана мамлекеттин ар тараптуу колдоосу менен ишке ашырылууда.
“Ишкана мөмө-жемиштерди кайра иштетүү жана сублимациялоо менен алектенет. Мындан тышкары, бал жана жаңгактан жасалган азыктарды өндүрөбүз. Продукциялар эл аралык сапат стандарттарына толук жооп бергендиктен, Европа өлкөлөрүнө, араб мамлекеттерине, АКШга жана Японияга экспорттолуп жатат.
Жаңы ишкананын ишке кириши менен жылына 12 миң тоннага чейин продукция өндүрүлөт. Учурда мекемеде 30га жакын адам эмгектенсе, ири заводдун ачылышы менен дагы 150–200 жаңы жумуш орду түзүлөт”, - деди ал.
Ишкана Ысык-Көл, Нарын, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан облустарынын фермерлердин продукциялары алынат.
“Жаңгакты бизге 2 миңге жакын фермер тапшырууда”,-деди Тойболотов.
Ишкана быйылкы жылдын жай айларында ачылат деп белгиленүүдө.