Кыргызстан – Казакстан: товар жүгүртүү 8 айда 1,7 млрд долларга жетти

Экономика
Кыргызстан – Казакстан: товар жүгүртүү 8 айда 1,7 млрд долларга жетти
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү үстүбүздөгү жылдын сегиз айында 19,2 пайызга өсүп, 1,7 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 14-жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмү 2,3 млрд долларга жеткен. Ал эми мамлекет башчыларынын алдыга койгон максаты — бул көрсөткүчтү 3 млрд долларга жеткирүү.

“Казакстан үчүн Кыргызстан жөн гана коңшу мамлекет эмес, ошол эле учурда маанилүү соода-экономикалык өнөктөш болуп саналат. Соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү, транзит, айыл чарба жана экономиканын башка тармактарындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө өбөлгө түзөт”, — деди Олжас Бектенов.

Ошондой эле ал чек арага жакын аймактардагы сооданы өнүктүрүүгө, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана транспорттук байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө маани берилип жатканын белгиледи.

Казакстандын өкмөт башчысы экология жана суу ресурстарын адилеттүү пайдалануу жаатындагы кызматташтыктын маанилүүлүгүнө да токтолду. Анын белгилешинче, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу эки элдин бакубат жашоосуна түздөн-түз таасир эткен актуалдуу маселе болуп саналат.

Мындан тышкары, Олжас Бектенов маданий-гуманитардык байланыштардын өнүгүп жатканын белгилеп, кыргыз элин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жогорку деңгээлде өткөрүлүшү менен куттуктады.

Казакстан менен Кыргызстандын эки тараптуу мамилелердин бардык багыттары боюнча чоң кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү бар экенин жана аларды ишке ашырууга казак тарап даяр экенин билдирди.

Эскерте кетсек, күн мурун Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов расмий сапары менен Кыргызстанга келген. Сапардын алкагында “Стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдөгү аймактардын ролу” аталышындагы Кыргызстан менен Казакстандын аймактар аралык кызматташтыгынын экинчи форуму өттү. Форумдун жыйынтыгында аймактар аралык, мекемелер аралык жана ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган 14 документке кол коюлду. Мындан тышкары, Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 14-жыйыны өттү.