Султан Кермалиев Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Кадрлар жана дайындоолор 14 июль 2025 12:40
Султан Кермалиев Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Бишкек, 14.07.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри Кермалиев Султан Шарипканович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.