Судандагы алтын кенинде 67 адам каза тапты

Дүйнө 17 сентябрь 2026 09:20
Судандагы алтын кенинде 67 адам каза тапты

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Судандын Батыш Кордофан провинциясындагы Аль-Зара алтын кениндеги кырсыкта кеминде 67 адам каза болду. Бул тууралуу Интерфакс Sudan Tribune гезити билдиргенин жазды.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерде дагы ондогон адамдар дайынсыз жоголууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык жакында эле катуу жааган жамгырда жер кыртышын суу жууп кеткендиктен болушу мүмкүн.

Sudan Tribune гезити белгилегендей, Судандагы алтын кендеринде миңдеген тургундар киреше табуу максатында иштешет.