Суданда аскердик учак кулап, кеминде 46 киши набыт болду

Дүйнө Загрузка... 27 Февраль 2025 12:12
WhatsApp Image 2025-02-27 at 08.04.09.jpeg

Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Күн мурун Судандын аскердик учагы Омдурман шаарына кулап түшүп, кеминде 46 киши набыт болду. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.

Агенттиктин маалыматына караганда, белгисиз себептерден улам учак борбор шаар Хартумдун метрополия аймагынын бир бөлүгү болгон Омдурман шаарындагы аскерий аэродромдун жанындагы калк жыш жайгашкан жерге кулаган.

“Каза болгондордун арасында аскер кызматкерлери жана жарандар болгон. Алгач учакта 19 адам болгону айтылса, андан кийин 20дан ашуун адам каза болгону кабарланган, андан кийин курман болгондордун саны 46га жеткен. Учак турак жайдын үстүнө кулап, адамдар учактын бортунда да, жерде да каза болушкан”,-деп айтылат маалыматта.

Учак Кызыл деңиздин жээгиндеги Порт-Судан шаарын көздөй бара жаткан. Учурда кырсыктын себептери такталууда.